Бүгүн, 15-апрелинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ЭВФ жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарынын алкагында өлкөнүн санариптик өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн АКШнын алдыңкы технологиялык корпорацияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
NVIDIAнын глобалдык жасалма интеллект демилгелери боюнча Вице-президенти Калиста Редмонд менен жолугушууда NVIDIA технологияларын Кыргызстанда колдонуунун негизги багыттарын талкуулашты. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана чоң маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн жогорку натыйжалуу инфраструктураны кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Адылбек Касымалиев Калиста Редмондду расмий түрдө Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
"Биз Сизди Бишкекте тосуп алууну чыдамсыздык менен күтөбүз, анда Сиз биздин санариптик потенциалыбызды өзүңүз көрө аласыз. Бул кызматташуунун келечегин кененирээк талкуулоого жана өлкөдө жасалма интеллект тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү практикалык кадамдарды белгилөөгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи МинКаб Төрагасы.
Өз кезегинде Калиста Редмонд өнөктөштүктү өнүктүрүүгө абдан кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстандын амбициялуу санарип күн тартибин белгиледи.
Андан кийин ORACLE корпорациясынын мамлекеттик органдар менен байланыштар боюнча Улук вице-президенти Джош Питкок менен жолугушуу болду. Тараптар булуттук технологияларды жана мамлекеттик секторго маалыматтарды башкаруунун заманбап системаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Адылбек Касымалиев өлкөнүн жетишкендиктери менен тааныштырып, Кыргызстан санариптик трансформацияда бир топ ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.
"Кыргыз Республикасы БУУнун электрондук өкмөт рейтингинде 78-орунга көтөрүлүп, региондо биринчилерден болуп санариптик кодду кабыл алды. Биздин санариптик фондубуз 170тен ашык мамлекеттик кызматтарды онлайн режиминде алууга мүмкүнчүлүк берген "Түндүк" платформасы. Система бардык мамлекеттик органдарды жана бир катар коммерциялык уюмдарды бириктирип, жарандарга реалдуу убакыт режиминде мамлекеттик кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө", - деп билдирди ал.
ORACLE өкүлдөрү Кыргызстандын санариптик жетилгендик деңгээлин жогору баалашты жана өлкөнүн мамлекеттик IT инфраструктурасын бекемдөө үчүн алдыңкы булут чечимдерин сунуштоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.
Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар талкуудан белгиленген демилгелерди иш жүзүндө ишке ашырууга өтүү үчүн активдүү диалогду улантууну макулдашышты.







