Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрттү көзөмөлдөө кызматынын Чүй, Талас облустары боюнча башкармалыгы тарабынан КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин объектилеринде пландык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Аталган башкармалыктын башчысы Хашимжан Абдрахманов белгилегендей, атайы буйруктун негизинде Чүй аймагындагы маданий мекемелерде өрттүн алдын алуу иштерин күчөтүү жана кызматкерлерге түшүндүрүү, сабаттуулугун жогорулатуу иштери улантууда.
Ошондой эле инспекторлор жеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузууларын аныктап, ал боюнча актыларды түзүп, эскертмелерди берип жатат.



