Бишкектеги Жибек Жолу проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Калык Акиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жол кыймылы үчүн жабылгандыгына байланыштуу №13, №23, №35, №45 каттамдар убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, бул жерде диаметри 600 мм болгон канализация коллекторун орнотуу үчүн курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлөт.
Мындан улам, Бишкек шаарынын мэриясы тургундары, алдын-ала каттамдарды пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
09



