Муромский көчөсүнүн бир бөлүгү 18-апрелден тартып жабылат
Новость

18-апрелден тартып борбор калаада Муромский көчөсүнүн Б. Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү жолду реабилитациялоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолду реабилитациялоонун алкагында канализация жана суу түтүктөрүн оңдоо, жолго эки кат асфальт төшөө, ошондой эле ирригациялык системаны куруу иштери жүргүзүлөт.

Жолдун туурасы 14 метрди түзүп, эки тарабында 3 метрден тротуар салынат.

Буга байланыштуу № 23, 18, 135 жана 161-каттамдардын кыймыл чиймеси да өзгөртүлөт. Аталган каттамдар убактылуу башка жолдор аркылуу каттайт.

0