Таласта быйыл 3 энергетикалык объект курулат
Новость

Быйыл Талас облусунда үч энергетикалык объектинин курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилет. "КУЭТ" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланып, иштерди Талас электр тармактар ишканасы жүргүзүүдө.
 
Ага ылайык Талас облусунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу жаңы цехтин курулушу жүрүп жатат. Учурда котлован казуу иштери толугу менен аяктады. Долбоор ишке ашкандан кийин цех заманбап жабдуулар менен камсыздалып, СВ-105 жана СВ-110 үлгүсүндөгү электр мамычалары, ошондой эле суу өткөргүч темир-бетон шакектер, темир-бетон мамыча  сыяктуу буюмдар чыгарылат. Жылына 2000ден ашуун мамыча өндүрүлүп, бул облус аймагындагы эски электр мамычаларын  алмаштырууга шарт түзөт, жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүп, чыгымдарды кыскартууга жана жаңы 8 жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары Айтматов районундагы Абдыкалык Калматов участогунда жаңы административдик имарат курулууда. Учурда пайдубал куюу иштери жүрүп жатат. Имарат бир кабаттуу болуп, жалпы аянты 238 чарчы метрди түзөт жана 8 кызматкерге ылайыкталат. Бул объект 1960-жылы курулган эски имараттын ордуна салынып, кызматкерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу эмгек шарттарын түзөт, кардарларды тейлөө сапатын жакшыртып, энергетикалык кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчам жана натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, Талас электр тармактар ишканасынын аймагында жайгашкан жогорку чыңалуудагы аба линиялары жана Электр жабдууларын сыноо өтө чыңалуудан коргоо жергиликтүү кызматы, ашыкча чыңалуудан коргоо кызматы, сыноо кызматтарынын имараты реконструкциядан өткөрүлөт. Бул иштердин алкагында имараттын техникалык абалы жакшыртылып, ички жана тышкы бөлмөлөр оңдолуп, инженердик коммуникациялар толугу менен жаңыланат. Натыйжада кызматкерлердин иштөө шарттары жакшыртылып, авариялык кырдаалдарга ыкчам жооп берүү мүмкүнчүлүгү жогорулап, электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүү камсыздалат.