91 млн сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө фактысы менен 4 салык кызматкери кармалды
Новость

Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Тактап айтканда, так эмес маалыматтарды колдонуу, товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын туура эмес эсептөө жана кошумча нарк салыгын негизсиз эсептөө аркылуу ишкердик субъектиге 91 млн сомдон ашык суммада мыйзамсыз салык милдеттенмелери жүктөлгөн.

Прокурордук чара көрүүнүн жыйынтыгында ишкердик субъекттин бузулган укуктары калыбына келтирилип, аталган суммалар толугу менен жокко чыгарылды. Ал эми, салык органынын 4 кызматкери Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды.

Прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөргө жана негизсиз салыктык басымга жол бербөө багытындагы иштерди мындан ары да улантат.