Бүгүн, 17-апрелде Бишкек шаарындагы УТРКнын имаратында Кыргыз радио бирикмесинин 95 жылдыгына арналган медиафорум өтүп жатат. Иш-чара “Кыргызстандагы радионун тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги” деген теманын алкагында уюштурулуп, ага медиа тармагынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттеринин окутуучулары жана журналисттер катышууда.
Форум кыргыз радиосунун тарыхына арналган видеоролик менен башталып, андан соң куттуктоо сөздөр жана радио журналисттерин даярдоо маселелерине байланышкан баяндамалар менен уланды.
УТРКнын директору Уланбек Сатиев өз сөзүндө радионун дээрлик бир кылымга созулган өнүгүү жолуна жана бүгүнкү күндөгү ордуна токтолду. Анын белгилешинче, радио бирикмеси 1967-жылы негизделген жана өткөн жылы президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен имаратта оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Корпорациянын курамындагы радиолор заманбап шартта иш алып барып жатканын айткан башкы директор, "Биринчи радио" "Ала-Тоо 24" телеканалы менен биргеликте таңкы берүүгө чыгып жатканын белгиледи. Алдыда Кыргыз радиосу менен Маданият каналы дагы бирге иш алып барып, чогуу контент жасай турганын айтты.
Эске салсак, Кыргызстанда биринчи радио 1931-жылы обого чыккан. Ошол мезгилде Бишкек, Ош, Токмок жана Каракол шаарларында радио түйүндөрү түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Кыргыз радио бирикмесине “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу” жана “Миң кыял FM” кирет. Алар маалымат, маданият жана жаштар багытында иш алып барып келет.

