Бүгүн, 17-апрелде Талас шаарында “Альянс Алтын” кубогунун өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча облустук турнири өтүп жатат. Турнирге Талас облусу боюнча 200 өспүрүм катышууда. Мелдеш 4 күн өткөрүлөт.
Аталган турнирге күрөш боюнча Олимпиаданын, дүйнөнүн жана Азиянын чемпиону аталган балбандар: Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Раззак Бейшекеевдер келип, жаш спортчулар үчүн мастер класстарды көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” компаниясы акыркы 3 жылдан бери Талас облусунда өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча мелдешти уюштуруп келет. Алардын максаты жаш спортчуларды колдоо жана мекендин намысын коргогон мыкты спортчу болуусуна салым кошуу болуп саналат.







