Түрк тилин үйрөтүүчү TTEÖMER мекемеси 30 жылдык мааракесин белгиледи. Салтанатта сөз сүйлөгөн Түркиянын Кыргызстандагы элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем эки өлкөнүн тил, билим жана маданият тармагындагы карым-катнаштарын, олуттуу жетишкендиктерди баса белгиледи.
Кымбаттуу мугалимдер,
Кымбаттуу окуучулар,
Урматтуу катышуучулар,
Кыргызстандын төрт тарабындагы бир тууган Кыргыз элине ондогон жылдар бою түрк тилин үйрөтүп келе жаткан Түрк тилин үйрөтүү борборунун (ТӨМЕР) 30 жылдыгы кут болсун!
Түркиянын, биздин, Кыргызстандагы эң маанилүү ишибиз – акча эмес, адам ресурстарын даярдоо болуп саналат. Баштапкы максатыбыз - маданият жана билим.
Мындан 35 жыл мурун Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын тааныган жана элчисин жолдогон биринчи өлкө болду. Борбордук Азиядагы боордошторубуз үчүн “он миң студент” долбоорун баштатты. Кыргыз бир туугандарыбызды Түркиядагы окуу жайларга жөнөттүк. Бүгүнкү күнгө чейин жети миңге жакын окуучу Кыргыз-Түрк мектептеринен окуп бүттү жана кыргыз эли үчүн, мамлекети үчүн жана экономикасы үчүн өз салымдарын кошушууда.
1995-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетин ачтык. Бүгүн ал дүйнөдөгү биринчи миң университеттин катарына кирди жана ал - Түрк дүйнөсүнүн жылдызы. Бүгүнкү күнгө чейин аталган университетти он беш миңден ашык студент бүтүрсө, учурда жети миң студенти билим алып жатат. Манас - бул Кыргызстандагы кыргыз тилинде билим берген жалгыз университет. Андан тышкары: балдарыбыз үчүн акысыз, бекер билим берилүүдө. Бул үчүн сыймыктанабыз.
Бүгүнкү күндө Түрк өкмөтү тарабынан берилген стипендиялар менен Түркияда 2500 кыргыз студент билим алып жатат. Жыл сайын 200дөн ашуун Кыргыз жаштары бул стипендия менен окууга кабыл алынууда. Бул жылы “Кыргыз Жылдыздары” аттуу программа баштадык. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп упай алып, биринчи 100гө кирген абитуриеттерге эки эсе көп стипендия берилет.
Түрк дүйнөсүнүн ойчулу Исмаил Гаспыралы «Тилде, ойдо, иште биримдик» деп айткандай, билим жана илим - тилде жана пикирдеги биримдик көпүрөсү болсо, иштеги биримдик – бул көпүрө аркылуу өтөт.
Ушундай эле багытта, 1996-жылы Бишкек шаарында Түрк тилин үйрөтүү борборун, башкача айтканда ТӨМЕРди түздүк. Алгачкы жылы 128 окуучуга түрк тилин үйрөткөн бул борбор бүгүнкү күндө жылына 8000 кишиге түрк тилин үйрөткөн ири уюмга айланды. Бул борбор дүйнө жүзүндө бир гана өлкөдө иш алып барган эң ири тил үйрөтүү борбору болуп саналат. Бүгүнкү күнгө чейин болжол менен 70 000 кишиге түрк тилин үйрөттү. TӨMEР, Кыргызстандын 7 облусунда, 14 шаарында, 60 окуу борборунда 70 мугалими менен түрк тилин жана маданиятын кыргыз боордошторубузга жайылтууда.
Түрктөр менен кыргыздар бир түптөн чыккан боордош элдер катары Кыргызстандагы билим берүү жаатындагы кызматташуубузду YTB Түркия стипендиялары, TİKA жана Түркия Маариф Фондунун мектептери аркылуу дагы да бекемдеп келебиз.
Окуу жайларыбыз, мекемелерибиз жана университетибиз аркылуу Кыргызстанда адам ресурстарын өнүктүрүүгө кошкон салымыбыз акрылуу Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы боордоштук көпүрөсүн бекемдөө аракеттерибиз уланат жана мындан ары да өз жемишин берет.
Сөзүмдүн аягында, Кыргызстанда түрк тилин үйрөтүүдө брендге айланган Түрк тилин үйрөтүү борборунун 30 жылдык мааракеси менен куттуктайм жана урматтуу конокторго иш-чарабызга катышканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем.
(Текст өзгөртүүсүз берилди)
