"Арашан" асыл тукум койлору эл аралык рынокко чыгууда
Новость

Кыргызстан "Арашан" асыл тукум койлорун Казакстанга, Өзбекстанга жана Россияга экспорттоого даярданып жатат. Мындай жаңылык менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков “Арашан” асыл тукум койлорун баккандар менен жолугушканда бөлүшүп, породаны эл аралык рынокко чыгаруу боюнча негизги багыттарды белгиледи. 

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, суроо-жооп алкагында актуалдуу маселелер талкууланды. Учурда “Арашан” породасы эт багытында жогорку көрсөткүчтөрдү берип, кочкорлордун салмагы 200 килограммдан ашууда. Учурда бул малдын саны 48 миң башка жетип, 2030-жылга чейин аны 4–5 эсе көбөйтүү пландалган. 

Ошондой эле асыл тукум койлорду жайылтуу, генетиканы сактоо, жасалма уруктандыруу жана геномдук баалоо иштерин өнүктүрүү, каттоо, чиптөө жана “Арашан” улуттук брендин түзүү чаралары күчөтүлө турган болду. Негизги максат - фермерлер үчүн жаңы рынокторду ачуу жана “Арашан” породасын дүйнөлүк деңгээлдеги индустрияга айлантуу.