Казак элинин белгилүү акыны Мухтар Шаханов жарык дүйнө менен кош айтышты
Новость

Казак элинин чыгаан уулу, белгилүү акын жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты. Анын көзү өтүшү бир гана Казакстан үчүн эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн оор жоготуу. Кыргызстанда да анын ысымы өзгөчө сый-урмат менен аталып, чыгармалары муундан-муунга өтүп келди.

Ал 1942-жылы Түштүк Казакстан облусунда жарык дүйнөгө келип, чыгармачылык сапарын аймактык гезиттерде кабарчы болуп эмгектенүүдөн баштаган. Калем кармаган жаш жигит бара-бара улуттук рухтун жарчысы, элдин үнүн сүйлөгөн акынга айланган.

1993–2003-жылдары Казакстандын Кыргызстандагы элчиси болуп иштеп, боордош эки элдин ортосундагы достукту жана руханий жакындыкты бекемдөөгө зор салым кошкон. 

Анын чыгармачылык жолунда кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен болгон достугу өзгөчө барак болуп калды. Эки алптын руханий байланышы жана биргелешкен эмгектери кыргыз-казак элдеринин түбөлүк достугунун символуна айланып, жалпы түрк дүйнөсүнө үлгү болду.

Маданиятты өнүктүрүүгө жана элдер арасындагы ынтымакты чыңдоого кошкон салымы үчүн Мухтар Шахановго Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы жана “Данакер” ордени ыйгарылган.