Бишкекте жумуш орундарын сунуштаган жарманке өтөт
Новость

23-апрелде Бишкек мамлекеттик университетинде бош орундар жарманкеси өтөт. Бул туурлуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдардын өкүлдөрү катышат. Анда 5 миңден ашык бош орундар сунушталып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн  иш берүүчүлөр менен түз маектешүү, ишке орношуу боюнча кеңештер, резюме түзүүгө жардам, эмгек рыногунун абалы жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалыматтар, такшалма жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрү каралган.

Ошондой эле, мектеп окуучулары үчүн кесип тандоого көмөктөшүүчү тесттер, оюндар жана викториналар уюштурулат.

Аталган иш-чаранын максаты - жарандарды жумушка орноштуруу, окуу жайлар менен байланышты чыңдоо жана эмгек рыногу тууралуу маалымат берүү.