Ош шаарында 100 жумуш орду түзгөн жаңы ишкана ишке кирди
Новость

Ош шаарында жаңы “Мадина” кондитердик цехи ачылып, ишин баштады. Бул тууралуу шаардык муниципалитет маалымдады.

Ишкана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 63 млн сом өлчөмүндө каржылык колдоо алып, анын натыйжасында 100 жаңы жумуш орду түзүлдү.

Заманбап технологиялар менен жабдылган өндүрүш жайы 100дөн ашуун түрдөгү табигый таттууларды чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Ачылыш аземине шаар мэри Жанарбек Акаев, фонддун жетекчиси Артем Новиков, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Иш-чара учурунда шаар жетекчиси ишкерлерге ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, инвесторлорду шаар менен активдүү кызматташууга чакырды.