Азия чемпионатында кыргыз спортчулары коло медаль утту
Новость

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Азия чемпионатында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Ордос шаарында өткөн дзюдо боюнча турнирде командалык мелдештер болду. Анда Кыргызстандын курама командасы үчүнчү орунду ээледи.

Эске салсак, Азия чемпионаты 16–18-апрель күндөрү өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышты. Мелдештин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында 14 комплект медаль ойнотулду. Аталган турнирде Кыргызстандын намысын 14 спортчу коргоду.