Кыргызстандын боксчулары Бразилияда өтө турган Дүйнө кубогунда катышышат
Новость

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бразилияда өтө турган Дүйнө кубогунда күч сынашат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 20–26-апрелде Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын мыкты боксчулар катышары күтүлүүдө.

Эл аралык турнирге улуттук курама команданын курамында күч сынаша турган беш спортчу аттанды: Анвар Ходжиев (50 кг чейин), Зафарбек Камилов (55 кг чейин), Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин), Омар Ливаза (65 кг чейин) жана Ихтияр Нишонов (70 кг чейин).

Курама команданын даярдыгы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жетектеген машыктыруучулар штабы тарабынан жүргүзүлүүдө.