Тоң районунун Шор-Булак айылындагы 100 орундуу жаңы бала бакча жыл аягына чейин пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, наркы 83 миллион сомду түзөт. Долбоорго ылайык аянты 1404 чарчы метрди түзгөн, эки кабаттуу бала бакчада бөбөктөр үчүн бардык заманбап шарттар каралат.
Курулуш-монтаждоо иштери “Компания Уста Групп” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө салынууда.


