Боом капчыгайында убактылуу жол жабылат
Новость

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында атайлап таш кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Аталган иштер 2026-жылдын 20-апрелинен 30-апрелине чейин күн сайын саат 09:00дөн 16:00гө чейин маал-маалы менен жүргүзүлүп турат. Бул убакыт аралыгында унаа жолу убактылуу жабылып, транспорт каражаттары бир тилке менен өткөрүлөт. Ар 15–20 мүнөт сайын таш кулатуу иштери токтотулуп, унаалар жөнгө салынып турат.

Иш-чаралар “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын жол тейлөө филиалы тарабынан ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоо жана таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында уюштурулууда.