Контролдоо иш-чаралары учурунда видеобайкоону колдонуу боюнча Салык кызматынын түшүндүрмөсү
Новость

Мамлекеттик салык кызматы салыктык контролдоону жүргүзүү учурунда видеобайкоону колдонуу боюнча салык мыйзамдарынын нормалары тууралуу төмөнкүлөрдү түшүндүрөт.

Видеобайкоону колдонууга байланышкан салык мыйзамынын нормасы 2025-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59-беренесинин 1-бөлүгүнүн 24-пунктунда бекитилген.

КРдин Салык кодексине ылайык, салык органдары ишкердик субъекттеринин объектилеринде видеобайкоо системаларын товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын эсепке алуу мезгилинде гана, ошондой эле салык посту коюлган учурда орнотууга укуктуу. Бул чара мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын коргоого багытталган.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылып, анда аталган норманы колдонуу тартибин бекитүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр жол-жоболорду так жөнгө салууга, кызмат адамдарынын аракеттеринин ачык-айкындуулугун жогорулатууга жана салык органдары менен ишкердик субъекттеринин ортосундагы мүмкүн болгон талаш-тартыштарды азайтууга багытталган.

Бул норманы ишке ашыруу административдик басымды күчөтүүгө эмес, салыктык башкарууну санариптештирүүгө, көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүүгө жана ишкердик жүргүзүү үчүн тең шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.