Талас облусунун борбору болгон Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери расмий түрдө башталды. Анын алкагында 12 көчөдө толук кандуу курулуш иштери башталды.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев жана тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жол куруу иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышышты.
Эрмат Джумаевдин маалыматына ылайык, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле облус башчысы облус жана шаар тургундарына кайрылуу жасап, курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жарала турган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Учурда биринчи этапта 12 көчөдө жалпы 28 чакырым жолду куруу иштери активдүү жүрүүдө. Экинчи баскычта дагы 7 көчөдө курулуш иштери башталмакчы. Бүгүнкү күндө долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылып, бекитилген графикке ылайык иш алып барышууда.


