Ат-Башыда жер титиреди
Новость

Бүгүн, 21-апрелде эртең менен саат 09:17де Ат-Башы районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Талды-Суу жана Өзгөрүш айылдарынан түштүк-чыгышка карай 11 чакырым, Нарын шаарынан түштүк-чыгышка карай 40 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.