Курулуш талаптарын сактабаган кытай компаниясына айып салынды
Новость

Нарын шаарында курулуш талаптарын сактабаган кытай компаниясына 200 миң сом айып пул салынды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, көзөмөл иштеринин жүрүшүндө Нарын шаарында курулуп жаткан саркынды суу түтүктөрүн куруу учурунда белгиленген техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптары толук сакталбагандыгы аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар курулуш объектисиндеги коопсуздук талаптарына жана сапат стандарттарына түздөн-түз таасирин тийгизет.

Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan” өкүлчүлүгүнө карата административдик чаралар көрүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, талаптар бузулган учурда мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти.