Балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы уланууда
Новость

Балдарды мектепке электрондук каттоонун биринчи этабы уланып жатат. Бул тууралуу тиешелүү министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи этапта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн тиешелүү мектептин микроучастогунда туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.

Учурда “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 1-класска 56 миңден ашуун бала катталган.

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
 - Бишкек шаары - 8959,
 - Ош облусу - 11 898,
 - Жалал-Абад облусу - 10 581,
 - Чүй облусу - 6619,
 - Баткен облусу - 6384,
 - Ысык-Көл облусу - 4699,
 - Нарын облусу - 2699,
 - Ош шаары - 2171,
 - Талас облусу - 2532.

Быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Министрлик ата-энелерди балдарын мектепке каттоону өз убагында жүргүзүүгө чакырат.