Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча 70 кг салмак ченинде дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде биринчи сапка жайгашты. Спортчу жалпысынан 48 миң 500 упай топтогон. Биздин балбандан соң рейтингде экинчи орунга япониялык балбан, үчүнчүгө монголиянын өкүлү жайгашты.
