ЖК маанилүү мыйзам кабыл алды: Эми жумушчулардын коопсуздугу күчөтүлөт
Новость

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Эмгекти коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Аталган мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленип, кызматкерлер үчүн коопсуз жана ден соолукка пайдалуу эмгек шарттарын түзүүгө багытталган. Ошондой эле өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, эмгекти коргоо системасын жакшыртуу максатын көздөйт.

Мыйзам эмгек коопсуздугу боюнча талаптарды көзөмөлдөөнү күчөтүп, иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатат.