Туризм фондундагы 90 млн сом: Коррупциялык схема аныкталды
Новость

Туризм фондунда аныкталган 90 млн сомдук зыян боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2022–2024-жылдары фонддун кызмат адамдары жеке менчик уюмдар менен коррупциялык схема түзүп, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган. Анын алкагында туризм тармагында жасалма жакшы көрсөткүчтөрдү түзүү үчүн пайдасыз консультациялык кызматтар жана иш жүзүндө аткарылбаган долбоорлор боюнча келишимдер түзүлгөн.

Натыйжада мамлекетке 90 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды.