Ош шаарында 150 орундуу аскер госпиталынын курулушу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы мекеме аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап талаптарга ылайык жабдылат.
Курулуш 2028-жылдын декабрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилери пландалууда. Долбоор аскердик медицинаны өнүктүрүүдө жана кызматкерлердин социалдык шартын жакшыртууда маанилүү болуп саналат.






