1-майдан 10-майга чейин "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин Калкты тейлөө борборлору кадимки тартипте иш алып барат. Жарандарды кабыл алуу саат 09:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.
Мындай чечим калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүү максатында кабыл алынган.
Мындан улам жарандарга алдын ала пландап, мүмкүн болсо онлайн кызматтарды колдонуу сунушталат.