“Кыргызстан – аймактык хаб”: Бишкекте ири транспорттук форум өтүүдө
Новость

Бишкекте “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” аталышындагы эл аралык транспорттук форум өтүп жатат.

Форумга Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) алкагындагы өлкөлөрдүн транспорт министрлери, ошондой эле чет мамлекеттердин тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, финансылык институттар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын негизги максаты – катышуучу мамлекеттер ортосунда транспорттук кызматташууну чыңдоо, мурда кабыл алынган демилгелерди ишке ашыруу жана мындан аркы биргелешкен аракеттерди координациялоо.

Иш-чаранын алкагында аймактагы эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлордун ролу, алардын жүк ташуу тармагындагы мааниси талкууланууда.

Күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер каралууда. Алардын катарында транспорт тармагын санариптештирүү, жол жүрүү убактысын кыскартуу, чечим кабыл алуу процессин жакшыртуу жана чыгымдарды оптималдаштыруу бар. Ошондой эле транспорттук коридорлордун боюндагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара байланыштуулукту күчөтүү жана чек арадан өтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү маселелери көтөрүлүүдө.

Белгиленгендей, форумдун алкагында уюмдарга мүчө мамлекеттердин транспорт министрлери жана башкы катчылары катышкан жыйындар өтүүдө.