Кечээ, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – депутат Дастан Бекешев.
Мыйзам долбоору абатташтыруу эрежелерин бузгандарга, белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштап, үйүп, өрттөгөндөргө жана суу чарба курулмаларын зыянга учураткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган. Ага ылайык, Укук бузуулар жөнүндө Кодекстин 114-115-116-беренелеринин санкцияларын кеңейтип, айып пулдарга альтернатива катары эреже бузгандарды коомдук жумуштарга тартуу мүмкүнчүлүгүн кошуу сунушталууда.
Ошондой эле жыйында депутат Дастан Бекешев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутатынын педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштери үчүн сый акы алуу укугуна байланыштуу колдонуудагы мыйзамдагы боштуктарды жана бүдөмүк жагдайларды жоюуга багытталган.
Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды. Демилгечи – депутат Дастан Бекешев.
Мыйзам долбоору турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктештигинин төрагаларынын, кварталдык жана башкаруучу компаниялардын жетекчилеринин шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн четтетүүгө багытталган.