Кечээ, 22-апрелде Кытайдын Санья шаарында VI Азия пляждык оюндары башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Салтанаттуу ачылыш азем жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00до башталып, атайын концерттик шоу-программа менен уланды.Ар бир мамлекет салтанатуу параддан өтүп, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун жеңил атлет Тимур Исаков көтөрдү.
Белгилей кетсек, пляждык оюндарга бул жылы 45 өлкөнүн спортсмендери катышып, 14 оюндун түрү боюнча мелдештер өтөт. Кыргызстандын атынан жалпы 40 спортсмен спорттун 9 түрүнөн катышат. Оюндар 30-апрелге чейин уланат.




