Нарында ири өлчөмдө кенемте төлөндү
Новость

 Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан Нарын шаарында өрттөн зыян тарткан соода түйүнгө ири өлчөмдө кенемте төлөнүп берилди.

Нарын шаарындагы “Чолук ата” соода түйүнүндө жыл башында өрт чыгып, андан 100 чарчы метр аянт күйгөн. Соода түйүн камсыздандырылгандыктан тилсиз жоонун кесепетинен келип чыккан чыгым толук эсептелип, 3 миллион 422 миң 799 сом кенемте төлөнүп берилди. 

Эскерте кетсек, Нарын облусунда табият жана унаа кырсыгына кабылгандарга өткөн жылы 4 миллион 866 миң сом каражат төлөнүп берилсе, быйыл жыл башынан бери 23 жаранга 5 миллион сомдон ашык кенемте төлөндү.