Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарын “үй-бүлөгө көмөк” – ай сайын жөлөкпулу (мындан ары – “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул) менен камтууну кеңейтүү жана аны берүүнүн даректүүлүгүн жакшыртуу максатында 2026-жылдын 10-апрелинде № 242 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.
Аталган токтомго ылайык, жеңил автоунаанын завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга азайтылып, ошону менен бирге менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз үй-бүлөлөр “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алышаары, ал эми эки же андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдун бул түрү дайындалбай тургандыгы белгиленди.
Ошондой эле, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна муктаждыгын аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, жаран райондук коэффициент каралган калктуу конушта жашаса, “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу райондук коэффициентти кошуу менен төлөнөт.