“Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Новость

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам 2026-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. 

Бул Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен, ошондой эле калктын айрым категорияларын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим боюнча иштеген саламаттык сактоо уюмдары тарабынан акысыз жана жеңилдетилген шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу болуп саналат. 

Мыйзам менен балдардын курагын он алты жаштан он сегиз жашка чейин жогорулатууну каралган өзгөртүү киргизилген, ал үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга төгүмдөр республикалык бюджеттин каражаттарынан төлөнөт.