Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аялуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп саналат.
Мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган:
1) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине
(мындан ары – УБжК):
- тилемчиликти (1261-берене) жана тилемчиликке тартууну
(1262-берене) жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктоочу ченемдерди киргизүү;
- тилемчиликти, тилемчиликке тартууну жасагандыгы үчүн чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып жиберүүнү аныктоочу ченемди киргизүү;
- УБжКнын 1261-беренесинде, 1262-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди сот тарабынан кароону жана жаза чарасын көрүүнү аныктоо;
- УБжКнын 1262-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө иштерди ички иштер органдары тарабынан кароону жана жаза чарасын көрүүнү аныктоо;
- тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган адамды кармоону ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырууну бекитүү;
2) Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамына:
- тилемчилик, тилемчиликке тартууну жасаган чет өлкөлүк жаран УБжКга ылайык жоопкерчиликке тартылат деген ченемди аныктоо.