Чүй облусунун Москва районундагы Петровка–Нарзан булагына алып баруучу унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Берилген маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт. Анын 27 чакырымы буга чейин асфальтталган.
Аталган жол 2026-жылга карата Титулдук тизмеге киргизилип, кошумча дагы 7 чакырымын асфальттоо пландалган. Учурда анын 2 чакырымы толук бүткөрүлдү.