Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында коммуналдык тармакты чыңдоого багытталган дагы бир кадам жасалды. “Кызыл-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына жаңы атайын техникалар тапшырылды.
Маалыматка ылайык, техникалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган. Ишканага JAC T8 үлгүсүндөгү пикап жана эвакуатор берилип, аларды облус жетекчиси Мамыржан Рахимов расмий түрдө өткөрүп берди.
Облус башчысы жаңы техникалар шаар тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатып, тазалыкты камсыздоодо жана Кызыл-Кыянын мындан аркы өнүгүүсүндө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.


