22-апрелде Ысык-Көл облусунда көлдү тазалоо боюнча атайын иш-чара өткөрүлдү. Аны Ысык-Көл облустук милициясынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы уюштурду.
Иш-чаранын алкагында көлдүн акваториясы тазаланып, суу түбүнөн жалпы узундугу 3 120 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.
Мындан сырткары, көл жээктеринде да тазалоо иштери жүргүзүлүп, 1 430 метрге жеткен эски синтетикалык торлор табылып, жыйналды.
Бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жана мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштү күчөтүүгө багытталганы белгиленди.








