Бүгүн, 24-апрелде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов аскерге чакырылууга чейинки курактагы жарандарды алгачкы аскердик эсепке алууда медициналык күбөлөндүрүү процедурасын жөнөкөйлөтүү алкагында пилоттук долбоорду ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында 100 күндүн ичинде бул процессти оптималдаштыруу боюнча чараларды ишке ашырууну тапшырган.
МинКаб башчысынын орун басары Улан Маматканов белгилегендей, демилгенин негизги максаты аскердик-дарыгердик комиссиядан (АДК) өтүү процедурасын жөнөкөйлөтүү, процессти поликлиникалардын базасында уюштуруу, ошондой эле санариптик чечимдерди киргизүү эсебинен кагаз жүзүндөгү документтердин жүгүртүлүшүнөн баш тартуу болуп саналат. Чүй облусундагы пилоттук долбоор сунушталган санариптик моделдин иштөө жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун тастыктады.
Жыйындын алкагында реформаны ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланып, бул маселени андан ары иштеп чыгуу боюнча профилдүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Бул чаралар мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жарандар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө багытталган.


