Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин алкагында “Тоолор жана климаттын өзгөрүшү: алсыздыктан туруктуу өнүгүүгө” деген аталышта жогорку деңгээлдеги өлкөлүк сессия өттү.
Иш-чара Борбордук Азиянын тоолуу региондорундагы климаттык чакырыктарга жооп берүү боюнча макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.
Сессия Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлүнүн эгидасы астында, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ошондой эле Министрлер Кабинетинин алдындагы Климаттык каржылоо борбору тарабынан (мындан ары - ККБ) уюштурулду.
Иш-чарага баардык беш Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жаратылыш ресурстары жана экология министрлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана финансы институттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.
Сессиянын жүрүшүндө Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Кемелова Динара Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы, Кыргыз Республикасынын БУУнун алкагында тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча демилгелери жана алдыда боло турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берди.
Катышуучулар климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу негизги коркунучтарды, анын ичинде мөңгүлөрдүн тез эришин, экосистемалардын деградациясын, суу ресурстарынын азайышын жана тоолуу региондордун туруктуу өнүгүшүнө олуттуу таасир этүүчү табигый кырсыктардын көбөйүшүн талкуулашты.
Сессиянын жүрүшүндө ККБ директору Айбек Асанов билимдерди топтоого, климаттык аракеттерди координациялоого жана тоолуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн инвестицияларды тартууга багытталган эл аралык платформа - Тоолуу райондордун туруктуулугунун глобалдык борборунун концепциясын сунуштады. Борбор илимий жана эксперттик потенциалды өнүктүрүүгө, климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу, анын кесепеттерин жумшартуу, жоготууларды жана зыянды азайтуу үчүн жергиликтүү деңгээлдеги практикалык чечимдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт деп болжолдонууда.
Сессиянын өткөрүлүшү тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүү жаатындагы регионалдык жана эл аралык кызматташтыктын өсүп жаткан маанисин тастыктады жана тоо маселелери боюнча глобалдык күн тартибин илгерилетүүдө Кыргыз Республикасынын активдүү ролун баса белгиледи.




