Коопсуздук кеңешинин катчысы Душанбеде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Үчүнчү жолугушуусуна катышты
Новость

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 24-апрелде, Душанбе шаарында (Тажикстан Республикасы) өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Үчүнчү жолугушуусуна катышты.

Жолугушууга ошондой эле Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстандын коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Аймактык жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу, терроризмге, экстремизмге, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү жаатындагы өз ара кызматташууну кеңейтүү жөнүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Катчылар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялар жана алардын Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздукка тийгизген таасири тууралуу тынчсызданууларын да билдиришти.

Мындан тышкары, Борбордук Азияда транспорт жана азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы өз ара кызматташууну чыңдоо боюнча пикирлер алмашылды.

DSC_3781.JPG.jpeg 6.32 MB