Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүндө салынып жаткан ипотекалык көп кабаттуу турак үйдүн курулушу үзгүлтүксүз жүрүүдө.
Курулуштун прорабы Алмаз Бакишовдун айтуусунда, төрт блокто тең иш жүрүп, анда 60тай жумушчу иштеп жатат.
“Үйлөрдүн сырткы көрүнүшүнүн 90-95 пайызы бүтүп, электр чубалгылары тартылып ички жумуштары жасалууда. Ошондой эле таза суу, саркынды суу жана жылуулук системалары тартылып бүттү. Курулуш материалдары жетиштүү. Болушунча тездетип бүтүрүүгө аракет кылып жатабыз”,-деди ал.
Бул долбоор “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында Нарын шаарын өнүктүрүүгө жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталып, “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланууда.
4 блоктон турган 9 кабаттуу 216 батирлүү турак үй Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жатат. Курулуш 2024-жылдын 16-апрелинде башталган. Турак үйдүн 72 батири 1 бөлмөлүү, 72 батири 2 бөлмөлүү жана 72 батири 3 бөлмөлүү.
