Көкүрөктү кеспей туруп жүрөккө операция жасалды
Новость

Кыргызстанда алгачкы жолу көкүрөктү кеспей туруп адамдын жүрөгүнө операция жасалды. Буга чейин үч ирет жүрөгүнө операция жасалган бейтаптын көкүрөк сөөгүн дагы бир жолу кесүү өмүрүнө коркунуч алып келмек. Мындан улам кыргызстандык дарыгерлер аны алгачкы жолу өзгөчө ыкмада ишке ашырышты. Көкүрөк сөөк кесилген жок. Жүрөктүн капкакчасы кан тамыр аркылуу алмашылды.

Мындай ыкма 1999-жылы биринчи жолу ишке ашкан. Көбүнчө өнүккөн өлкөлөрдө жасалат. Борбор Азияда Кыргызстан алгачкы болуп колдонду.

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашып жаткан бул иштер кыргыз медицинасындагы жаңылануу жана мүмкүнчүлүктөрдүн көбөйүшүнө шарт түзүлүшүнүн аркасында тармактагы жүргүзүлгөн реформанын ийгилиги катары бааланууда. 

Буга чейин оор операцияларды чет өлкөдө ири суммага жасатып келишкен. Эми мамлекет өз камкордугуна алды. Ошону менен катар медицина тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, дарыгерлердин айлыгы 100%га көтөрүлдү.