Боорду алмаштыруу операциясы эми мамлекеттик ооруканада да ийгиликтүү ишке ашты
Новость

М. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу боюнча татаал операция жасалды. Анда 20 жаштагы жаран атасына донор болуп, боорунун бир бөлүгүн берген. Учурда донор да, реципиент да дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалдары жакшы экендиги айтылды. 

Бул өлкөдөгү медицина тармагынын өнүгүп жатканын жана кыргыз дарыгерлеринин кесиптик деңгээли өсүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Эскерте кетсек, буга чейин мындай операциялар президенттин колдоосу менен Кыргызстандагы жеке клиникаларда жасалган болчу.