Таза Ысык-Көл: Экотехкөзөмөл акваторияны тазалоону улантууда
Новость

2026-жылдын 25-апрелинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы рейддик иш-чаралардын алкагында көл түбүн синтетикалык торлордон тазалоо иштерин жүргүздү. Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруу максатында, эки катер Ысык-Көлдүн акваториясынын ар кайсы аймактарын текшерип чыгышты, натыйжада суудан 1700 метр эски кытай синтетикалык торлору чыгарылды.

Мындай ташталган балык уулоочу шаймандар экосистемага орду толгус зыян келтирип, көлдүн түбүн биоресурстар үчүн капканга айландырууда. Инспекторлор күчөтүлгөн режимде кайгуул иштерин улантышууда: көлдү торлордон арылтуу жана тартип бузуучуларды аныктоо иштери бүткүл акватория боюнча тынымсыз жүргүзүлүүдө. 

Биздин максат — таза Ысык-Көл, ошондуктан акватория мыйзамсыз торлордон толугу менен тазаланганга чейин бул багыттагы иштер методикалык түрдө улантылат.

WhatsApp Image 2026-04-25 at 20.26.44 (1).jpeg 115.62 KB