Кызыл-Дөбө айылындагы мектепке Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы ыйгарылды
Новость

Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылындагы орто мектепке тарыхчы жана агартуучу Осмонаалы Сыдык уулунун ысымы ыйгарылды.

Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, саясат таануучулар Аалыбек Акунов жана Чолпонбек Сыдыкбаев, ошондой эле окумуштуулар жана тарыхчылар Мурат Кожобеков, Аида Кубатова, Кыяс Молдокасымов, Рыскул Жолдошов жана Акылай Жумагулова катышты.

Иш-чарада Осмонаалы Сыдык уулунун кыргыз тарыхындагы орду, анын агартуучулук ишмердиги жана мурастары өзгөчө белгиленди.

Белгилей кетсек, Осмонаалы Сыдык уулу - кыргыз элинин алгачкы тарыхчы-окумуштуусу, санжырачы жана агартуучу. Ал 1913–1914-жылдары Уфада жарык көргөн “Мухтасар тарых Кыргызия” жана “Тарых кыргыз Шабдания” аттуу алгачкы илимий-тарыхый эмгектердин автору болуп саналат.

Ал Кочкор өрөөнүндө туулуп, Бухара жана Уфа медреселеринде билим алган. Осмонаалы Сыдык уулу кыргыз тарыхын кагазга түшүрүп, эл арасындагы сабатсыздыкты жоюуга жана агартуу ишине чоң салым кошкон.