Ысык-Көлдө рейд учурунда 1100 метр мыйзамсыз тор жана 70 кг таштанды чыгарылды
Новость

Бүгүн, 26-апрелде жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө көлдүн аймагынан узундугу 1100 метрди түзгөн эски кытай синтетикалык торлор жана 70 кг таштанды чыгарылды. Бул мыйзамсыз торлор балык ресурстарына олуттуу зыян келтирип, көлдүн экологиялык абалына коркунуч жаратып келген.

Адистердин айтымында, мындай торлор сууда узак убакыт чирибей сакталат жана балыктардын массалык кырылышына себеп болот. 

Рейддин негизги максаты - көлдү мыйзамсыз балык уулоочу каражаттардан тазалоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу. Тиешелүү кызматтар мындай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз улантыларын билдиришти.