Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келди
Новость

Бүгүн, 27-апрелде Россия Федерациясынын Коргоо министри Андрей Белоусов расмий иш сапары менен Бишкек шаарына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Россиянын коргоо ведомствосунун башчысын КР Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы генерал-майор Талантбек Талипов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Андрей Белоусовдун Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.