19–26-апрель күндөрү Марокконун Рабат шаарында жеңил атлетика боюнча Дүйнөлүк Гран-При мелдеши өттү.
Аталган эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Адина Самыйбек кызы катышып, эки түр боюнча байгелүү орундарды ээледи.
Тактап айтканда, ал ядро түртүү боюнча 3-орунду, ал эми диск ыргытуу боюнча 2-орунду камсыздады.