Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык жана Министрлер Кабинетинин №288 токтомунун негизинде, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып социалдык коргоо тутумунда иштеген кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жогорулатуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу бир катар мекемелерди, анын ичинде реабилитациялоо борборлорун, социалдык мекемелерди жана аймактык бөлүмдөрдү камтып, жалпысынан 3400дөн ашуун кызматкерге тиешелүү болду.
Ошондой эле айлык акыга кошумча катары кызматкерлердин категориясына жараша 15 000 сом жана 5 000 сом өлчөмүндө «президенттик компенсациялык төлөм» киргизилди.
Министрликтин калган бөлүмдөрүндө эмгек акыны жогорулатуу 2026-жылдын 1-сентябрына пландалууда.