“Кыргызстан жылдызы-2026” республикалык вокалдык сынагы жети дубанды кыдырып, талантуу жаштарды издөөнү уланттууда.
Вокалдык сынак алгач 25-апрелде Баткен шаарында өтүп, Баткен облусунан финалист болуп Бекбол Бакыт уулу тандалып алынды.
Кийинки шаарлар төмөнкүлөр:
1. Ош шаары - 28-апрель, саат 12:00 - Р.Абдыкадыров атындагы Ош облусттук филармониясы;
2. Манас шаары - 1-май, саат 13:00 - Барпы атындагы кыргыз драма театры;
3. Талас шаары - 4-май, саат 13:00 - К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театры;
4. Нарын шаары - 20-май, саат 13:00 - М.Рыскулов атындагы музыкалык драма театры;
5. Каракол шаары - 23 май, саат 13:00 - Ы.Туманов атындагы музыкалык окуу жайы;
6. Бишкек шаары - 2-июнь, 13:00 - УТРКнын концерттик студиясы;
“Кыргызстан жылдызы-2026” - бул кыялдарга карай чоң кадам, жаңы жылдыздардын жаралуу учуру! Эгерде сиз өзгөчө үндүн ээси болсоңуз жана талантыңыз менен Кыргызстандын жылдызы болууну кааласаңыз, “КЫРГЫЗСТАН ЖЫЛДЫЗЫ-2026” телесынагынын кастингине катышыңыз!
Кастингге катышуунун эрежелери:
1. Алдын алуу катталуунун кереги жок, кастингге келип анкета толтурасыз
2. Кастингге келип эки чыгарма аткарасыз:
- Биринчи чыгарма - кыргыз тилинде (сөзсүз)
- Экинчи чыгарма - чет тилде болуусу зарыл
Жаныңызда паспорттуңузду алып алууну унутпаңыз!
Сурап-билүү үчүн байланыш номери: 0999 11 00 22
“Кыргызстан жылдызы-2026” сынагы менен бирге болуңуздар!!!